Январь айында бажы төлөмдөрү 316,4 млн сомго ашык аткарылды

6 февраля 2023, 10:18

Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын январь айында республикалык бюджетке 6,042 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн түшүргөн. 

Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын ушул эле айына салыштырмалуу быйыл январь айында бажы төлөмдөрү 1 миллиард 115 миллион сомго көбөйдү, же өсүү темпи 122,6%ды түздү.

“Финансы министрлиги белгилеген пландык көрсөткүчтөр 105,5%га аткарылып, бажы төлөмдөрү 316,4 млн сомго көп чогултулду”, - деп айтылат маалыматта.