Январ карата Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүргүзүү көлөмү 265 млн долларды түздү

10 марта 2022, 12:54

Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь айына карата 265, 0 млн долларды түздү жана 2021-жылдын январь айына салыштырганда 1,5 эсе өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мында экспорттук жөнөтүүлөр 1,8 эсе, импорттук келип түшүүлөр 1,4 эсе жогорулады. 

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт

Экспорт

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь айына карата Орусияга (71,3 пайыз) жана Казакстанга (27,0 пайызга) туура келди.