Январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 474 млн $ түзгөн
2020-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 474 млн долларды түзүп, өткөн жылдын январь айына карата 1,4%га төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.
Анын айтымында, экспорт 5%га арткан, ал эми импорт 3,2%га азайган.
«2020-жылдын январь айында ЕАЭБге кирген өлкөлөр менен болгон сооданын көлөмү 199 млн долларга жакын болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 16,5%га арткан. Ошол эле учурда экспорт 3,3%га, импорт 21,1% көбөйгөн», - деди ал.
ЕАЭБ өлкөлөрү арасында соода жүргүзүүдө Россия (68,8%) менен Казакстан (28,9%) алдыда турат.