Январда өлкөдөн экспорттолгон мал импорттон 10 эсе көп болду
Январь айында Кыргызстан чет өлкөгө 13 миң 357 баш мал экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Сатылган мал-жандыктын ичинен:
- бодо мал – 7267 баш;
- кой-эчки – 5631 баш;
- жылкы – 459 баш.
Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында өлкөгө импорттолгон малдын башы 1 140ты түзгөн:
- бодо мал – 754 баш;
- жылкы – 386 баш.