Январда пенсия жана жөлөкпулга 4,5 млрд сом каржыланды

16 февраля 2022, 13:33

Үстүбүздөгү жылдын январь айында өлкө боюнча пенсия жана жөлөкпулга 4 млрд 511,2 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинен:

  •  Бишкек шаары — 726,2 млн сом
  •  Чуй облусу — 685,3 млн сом
  •  Нарын облусу —362,4 млн сом
  •  Ысык-Көл облусу — 410,9 млн сом
  •  Талас облусу — 188,1 млн сом
  •  Ош шаары — 160,8 млн сомов
  •  Ош облусу — 831 млн сом
  •  Баткен облусу — 362,9 млн сом
  • Жалал-Абад облусу — 783,5 млн сом

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын январь-декабрь айларында пенсия жана жөлөкпулга 50 млрд 819,4 млн сом каржыланган.