Январында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку инфляциянын деңгээли Кыргызстанда белгиленди

15 февраля 2022, 10:46

2022-жылдын январында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бардыгында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

2022-жылдын январында 2021-жылдын январына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (11,2 пайыз) Кыргызстанда катталды.

ЕЭАБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

(пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)

 

Январь
мурунку жылдын декабрына карата

Январь
мурунку жылдын январына карата

Январдагы өсүүнүн орточо айлык темптери (төмөндөшү)

2021

2022

2021

2022

2021

2022

Армения

2,2

1,6

4,5

7,1

2,2

1,6

Беларусь

1,1

1,5

7,7

10,4

1,1

1,5

Казакстан

0,6

0,7

7,4

8,5

0,6

0,7

Кыргызстан

1,0

1,0

10,1

11,2

1,0

1,0

Россия

0,7

1,0

5,2

8,7

0,7

1,0

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын январында 2021-жылдын январына салыштырмалуу  Кыргызстанда азык-түлүк товарларынын (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) баалары жана тарифтери – 12,8 пайызга жана азык-түлүк эмес товарлардын баалары жана тарифтери 9,7 пайызга көп өлчөмдө жогорулады. Ошол эле мезгилде Беларусияда кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын максималдуу өсүүсү (9,1 пайыз) катталды.