Жапония Кыргызстанга 1 млн доза вакцина бериши мүмкүн

28 июня 2021, 09:40

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Жапония мамлекетинен COVID-19 га каршы 1.1 доза вакцина сурады. Бул тууралуу Бакашова менен Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда менен болгон жолугушуусунда айтылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бакашова вакцинадан сырткары, мүмкүнчүлүккө жараша аларды сактоого муздаткыч жеткирүү жагын кароону да өтүнгөн. Өз кезегинде Жапония элчиси COVID-19 күч алган мезгилде калкты эмдөөдөн өткөрүү жана сактануу талаптарын аткаруу учурдун маанилүү талаптары экендигине токтолду.

Ошондой эле тараптар вакциналарды сатып алуу жана Кыргызстанда жапон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) аркылуу “Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.