Япония медициналык жабдуулар үчүн 7,6 млн доллар грант берет

9 февраля 2023, 12:49

Финансы министри Алмаз Бакетаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Кавамото Хироюки "Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Япония өкмөтү 7,6 миллион долларга чейин грант (акысыз жардам) берет.

Долбоордун максаты - медициналык жабдуулар менен камсыздоо аркылуу диагностикалык потенциалды күчөтүү.