Кыргызстандык жана япониялык ишкерлердин жолугушуусу болуп өттү

19 февраля 2020, 09:21

Япониянын 70тен ашуун өкмөттүн жана жеке компаниянын өкүлдөрү кыргызстандык ишкерлер менен бизнес-жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу ТИМ билдирди. 

Жолугушууда Япония тарап туризм потенциалы жана бизнес боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү. Жыйынтыгында КР Мамлекеттик миграция кызматы менен япониянын кадрдык Relationship Inc компаниясы ортосунда бирге кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. 

Япон-кыргыз кызматташтыгынын перспективдүү багыты катары: IT-технология, электрондук коммерция, айыл-чарба жана адамдык ресурстар аныкталды.