«Tokyo Rope MFG» корпорациясы Кыргызстанда ишмердүүлүгүн кеңейтет

22 октября 2019, 09:14

Tokyo Rope MFG Япон корпорациясы ишмердүүлүгүн Бишкек шаарынан дагы кеңейтүүнү пландоодо. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Яаонияга барган иш сапарында билинди. 

Аталган корпорация Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Бул ишкана Япониянын өкмөтүнүн жардамы менен бир катар долбоорлорду Кыргызстанда ишке ашырып келет. Корпорациянын кичи ишканасы Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат. Учурда Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүндө көчкүгө каршы курулуштар орнотулуп жатат. Жакынкы мезгилде буга окшогон жумуштар аталган жолдун башка бөлүктөрүндө да башталат. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын тоо-кен инженерлерин даярдап чыгарганы жана Бишкектеги кичи ишкананын кызматын кеңейткендиги үчүн «Tokyo Rope MFG» жетекчилигине ыраазычылык билдирип, бул багытта иш-аракеттерди улантуу маанилүү экенин белгиледи. 

«Tokyo Rope MFG» — дүйнө жүзү боюнча жогорку технологиядагы болот аркандарды чыгаруучу ири ишканалардын бири. Корпорациянын Бишкек шаарындагы кичи ишканасы 2017-жылы ачылган.