Ыссык-Көдүн 80 чакырым жолу эл аралык фонд тарабынан 10 млн $ оңдолот

29 марта 2021, 10:30

Мунайларды экспорттоо боюнча бириккен мамлекеттердин (ОПЕК) эл аралык өнүктүрүү фонду 80 чакырым Ыссык-Көл шакекче жолун оңдоп-түзөө үчүн 10 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Тиешелүү келишимге 15-мартта кол коюлган. Бул тууралуу финансы министрлиги билдирди.

 

Өкмөт буга чейин бул макулдашууну жактырган. Долбоордун максаты – Кыргызстанды 2018-2040-жылдары өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиясына ылайык экономикалык өнүгүүнү күчөтүү.

Долбоордо жер казуу жана дренаж иштери, көпүрөлөрдүн курулушу жана институционалдык потенциалды көтөрүү камтылган:

• деталдуу талдоо жүргүзүү үчүн консультациялык кызматтар;

• курулушту көзөмөлдөө;

• долбоорду башкаруу;

• долбоорду текшерүү жана жолдорду тейлөө үчүн жабдуулар.