Ыссык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду 48 бизнес-долбоорду каржылайт

18 марта 2021, 14:00

Ыссык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду 48 бизнес-долбоорду колдоого даяр. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди. 

 

Жалпысынан фонддон 80.9 млн сом бөлүнөт. Каржылоо айыл чарба, текстиль, туризм, курулуш тармактарына жүргүзүлөт. 

Өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, облустагы ишкерлер үстөк пайызсыз насыя ала алышат. Ошондой эле аймактын социалдык-өнүгүүсүнө багытталган бюджеттик түзүүчү долбоорлорго жеңилдетилген насыялар берилет.

Ыссык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун бюджети «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын дүң кирешесинин 1% эсебинен толукталат.