Ысык-Көлдө өнөр жай өндүрүшү кыйла кыскарды

4 октября 2023, 15:26

Быйыл сегиз айда Кыргызстанда 288 млрд 917,8 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөр 0,3%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында жазылат.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү фармацевтика продукциясын өндүрүүнүн (+66%), текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана башка булгаары буюмдарын өндүрүүнүн (+44%), химиялык продукциянын (+40,4%) өсүшү менен шартталган. 

Белгилеп кетсек, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү Ысык-Көл облусунан башка бардык аймактарда өскөн.