Ысык-Көлдө 48 млн сомго балдар музыкалык мектеби курулат
Ысык-Көлдө балдардын музыкалык мектеби курулат. К.Досмамбетов атындагы Ак-Суу райондук балдар музыкалык мектеби Теплоключенка айылында жайгашат.
Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, курулуш боюнча тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментине караштуу Ысык-Көл облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялады.
Объекттин сметалык баасы 48 млн 380 миң 394 сомго бааланууда.
Конкурстук табыштамаларды 11-апрелге чейин берүү зарыл.