Ысык-Көлдө прокуратура кызматкерлери үчүн 20 млн сомго үй курулат
Ысык-Көлдө прокуратура кызматкерлери үчүн көп батирлүү үй курулат. Облусту өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция эки кабаттуу турак жай салууга тендер жарыялады.
Батирлер Жети-Өгүз райондук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн салынат.
Тендердин пландалган суммасы дээрлик 20 миллион сомду түзөт.