Ысык-Көлдү тазалоодо 17 миң тонна таштанды чыгарылды

21 сентября 2023, 12:30

Ысык-Көлдү тазалоонун 156-күнүндө суучулдар көлдүн астынан 16 миң 721 кг таштанды, 103 миң 950 метр балык уулоочу тор чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, соңку апта ичинде Чолпон-Ата шаарындагы "Бакыт" жана "Голубой Иссык-Куль" пансионаттары эки жолу тазаланды. Андан соң суучулдар облустун Тоң районунун Кара-Шаар, Кара-Талаа, Ак-Сай айылдарына жакын жердеги көлдүн астын тазалашты.

Белгиленгендей, Ысык-Көлдү тазалоо иштери президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2023-жылдын 12-мартында башталып, 156 күн ичинде 246 миң 283,5 гектар аянт тазаланды. Учурда иш уланууда.