ЮНЕСКО сүрөтчүлөрдүн укугун коргоого 1 млн доллар бөлөт

8 мая 2023, 12:16

ЮНЕСКО дүйнө жүзү боюнча сүрөтчүлөрдү укуктук жактан коргоого 1 млн. доллар бөлөт. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун сайтына жарыяланды. 

ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча 1200дөн ашык искусство эркиндигин бузуу фактылары катталган. 12 өлкөдө 39 сүрөтчү өлтүрүлгөн. 24 өлкөдө 119 сүрөтчү абакта отурган.