ЮНИСЕФ Кыргызстан үчүн 12 млн сомдон ашык акчага медициналык каражаттарды сатып алды

19 августа 2021, 09:40

ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлигине 12 миллион сомдон ашуун жардам көрсөттү. Бул тууралуу уюмдун сайтында маалымдалды.

Жалпысынан ЮНИСЕФ төмөнкүлөрдү берди:

  • Сегиз миң медициналык бет кап;
  • Эмдөөчүлөр үчүн 12,5 миң жуп нитрилдүү мээлейлер;
  • 20 миң жуп гинекологиялык мээлей;
  • 11 миңден ашуун антисептик.

ЮНИСЕФ медициналык каражаттарды Саламаттык сактоо министрлигинин өтүнүчү боюнча Копенгагендеги сатып алуу бөлүмү аркылуу алган, ал жерде дүйнөдөгү эң чоң гуманитардык жардам кампасы жайгашкан.