2020-жылы Юстиция министрлигинен 10 миң юридикалык жак каттоодон өткөн

27 января 2021, 15:40

2020-жылы Юстиция министрлиги Бирдиктүү мамлекеттик реестрге 10.2 миң юридикалык жакты каттаган. Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

 

 

 

Министрлик тарабынан 915 юридикалык жак жоюлган, 5.5 миң жаңыдан, 3.7 миң кайрадан каттоодон өткөн. 

Андан сырткары, «Юридикалык жактарды электрондук каттоо» тутуму аркылуу 23 субъекти катталган.