Түштүк Корея Кыргызстандын киберкоопсуздугун камсыз кылуу үчүн 5 млн доллар бөлөт

13 сентября 2021, 17:20

Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Кыргызстандагы киберкоопсуздук долбоорун каржылайт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге чара көрүү борборун түзүү" долбоору өлкөдөгү киберкоопсуздуктун абалын бекемдөөгө багытталган. Бул SOC түзүүнү, аппараттык жана программалык камсыздоону, мамлекеттик органдардын киберкоопсуздугун коргоо үчүн чечимдерди жайылтуу жана адамдык потенциалды өнүктүрүү пландаштырылууда.

Долбоордун узактыгы беш жыл болот (2021-2025). Ишке ашыруу үчүн 5 миллион доллар бөлүнөт.