Кыргызстан 2019-жылдын 10 айында 1.4 млн $ бал экспорттогон

8 января 2020, 16:05

Кыргызстан 2019-жылдын январь-октябрь айларында 354.3 тонна балды экспортко чыгарган. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен кабарлашты. 

Экспорттолгон балдын жалпы суммасы 1 млн 477 миң долларды түзгөн. 

2018-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин экспортко чыккан балдын көлөмү 255.5 тоннаны түзүп, баасы 1 млн 110.5 миң долларга чыккан.