Электр энергиясына төлөөгө бюджеттен 10 айда 1,7 млрд сом бөлүндү

6 декабря 2022, 15:57

Ушул жылдын январь-октябрь айларында электр энергиясына болгон мамлекеттик чыгашалар 1 миллиард 738 миллион 487 миң 610 сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

“Акчабардын” эсептөөсү боюнча, бул сумма мамлекеттик коммуналдык кызматтарга жумшалган жалпы чыгымдардын 63,3 %ын түзөт жана былтыркыдан 31,82 %га көп.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын ушул эле мезгилинде бул чыгаша беренесин төлөөгө мамлекет тарабынан 1 миллиард 318 миллион 760 миң 922 сом бөлүнгөн.