КР чек арасынан 10 ай ичинде 21.3 млн жаран өткөн

5 декабря 2019, 17:30

2019-жылдын январь-октябрь айларында чек ара аркылуу Кыргызстанга 21.3 млн адам жана 1.5 млн транспорт бирдиги өткөн. Бул тууралуу чек ара кызматынын өкүлү Абдыкар Алимбаев билдирди. 

Анын айтымында, чек арачылар тарабынан 33 млн сомго аткезчилик кармалган. Анын ичинен 4 тонна кара куурай жана 820 литр баңгизат болгон. Дагы мыйзамсыз ташылып келе жаткан  5 курал-жарак жана 11 бирдик ок-дарылар жана 3 снаряд кармалган.