Тышкы сооданын көлөмү 10 айда 19,6%га өстү

12 ноября 2021, 15:06

Ушул жылдын 10 айында Кыргызстандын тышкы өз ара соодасынын көлөмү 19,6% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь-октябрь айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5 миллиард долларды түздү.

Ал импорттун көбөйүшүнө байланыштуу өскөн. Импорттук түшүүлөр быйыл өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 43,6%га өскөн. Ал эми экспорттук берүүлөр, тескерисинче (22,5%га) кыскарган.