Он айда комбанктардын милдеттүү резервдери 30,57% көбөйдү

10 января 2023, 15:00

Былтыр 2022-жылдын 12 айында Кыргызстандагы коммерциялык банктардын милдеттүү резервдеринин көлөмүнүн өсүшү 30,57% түздү. Мындай эсептөөлөрдү “Акчабар” Улуттук банктын маалыматынын негизинде жүргүздү. 

Документке ылайык, январь айында коммерциялык банктардын резервдеринин көлөмү 16 миллиард 960 миллион сомду түздү. Октябрь айына чейин 22 миллиард 146 миллион 300 миң сомго өскөн.

Эскерте кетсек, милдеттүү резервдер - бул банк базалык мезгилде Улуттук банк тарабынан белгиленген шарттарда резервдик активдерге салууга милдеттүү болгон акчанын суммасы.