10 айда канттын баасы 14,4 сомго кымбаттады

27 ноября 2021, 09:01

Кыргызстанда 2021-жылдын январынан ноябрына чейин кумшекердин баасы 14,4 сомго кымбаттады. Мындай маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, январь айында республика боюнча кумшекердин орточо баасы 53,8 сомду түздү. Февраль айында эле баа кескин көтөрүлүп, кумшекер 59,4 сомго чыга баштаган. Апрель айында баа 64,4 сомго жеткен. Август айына чейин кумшекердин баасы 61,1 сомго чейин арзандай баштаган. Август айынан бери баалар ай сайын көтөрүлүп турган

Монополияга каршы органдын маалыматы боюнча ноябрь айындагы орточо баа 68,2 сомду түзөт.