2021-жылдын 11 айында кыргызстандыктар Орусияга 483,7 млн сом которгон

17 января 2022, 09:58

2021-жылдын январынан ноябрына чейинки аралыкта кыргызстандыктар чет өлкөгө 502 млн доллар которгон. Мындай маалыматты Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти.

Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 13,93%га көп. Ошол эле учурда, салттуу түрдө каражаттардын көбү, тактап айтканда, 483,7 млн доллары Орусияга которулган.

Көрүнүп тургандай, жыл аягына чейин Орусияга которуулардын суммасы көбөйгөн. Алсак, январь айында кыргызстандыктар 31,3 млн доллар жөнөтсө, ноябрда — 56,8 млн доллар которгон.