Былтыркы жылдын 11 айында экспорт 20%дан ашык кыскарды

16 января 2023, 15:20

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын 11 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40,4%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Мекеменин маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын башка өлкөлөр менен тышкы жана өз ара соодасынын жалпы көлөмү 10 миллиард 570 миллион 373,5 миң долларды түзсө, 2021-жылдын тийиштүү мезгилинде бул көрсөткүч 7 миллиард 530 миллион 811,5 миң долларды түзгөн.

Мында өсүш импорттук кирешелердин 73,4%га – 4 млрд 934 млн 763,2 миң доллардан 8 млрд 557 млн ​​17,4 миң долларга чейин өсүшү менен шартталган. Ушул эле мезгилде экспорт 22,4%га – 2 млрд 596 млн 48,3 миң доллардан 2 млрд 13 млн 356,2 миң долларга кыскарды.