Былтыр жеке адамдар чет өлкөгө 1 млрд доллардан ашык которгон

12 января 2023, 16:12

Былтыркы жылдын январь айынан ноябрга чейин жеке жактар Кыргызстандан чет өлкөгө 1 миллиард 82,53 миллион доллар которгон. Бул тууралуу көзөмөлдөөчү орган билдирди.

Маалыматка ылайык, акча которуулардын 79,5% Орусияга (860,46 млн доллар), 17,9% Түркияга (185,04 млн доллар) жөнөтүлгөн. Ал эми, Кыргызстандан акчанын негизги агымы буга чейин Россияга кеткен болсо, 2022-жылдын августунан тарта активдүү түрдө каражаттарТүркияга жөнөтүлө баштаган. Июль айына карата акча которуу 4,4 эсеге, 2,1 миллион доллардан 9,3 миллион долларга көбөйгөн. Сентябрда дээрлик 6 эсеге, 55,3 миллион долларга чейин өскөн. 

Алсак, 2022-жылдын он бир айында Кыргызстанга акча которуулардын таза агымы 1 миллиард 655,28 миллион долларды түзгөн. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,9% аз.