Он бир айдын ичинде 1,4 млрд сомго электрондук эсеп-фактура чыгарылды

14 декабря 2023, 14:44

Мамлекеттик салык кызматы 11 айда 1,4 миллиард сомдон ашык соода жүгүртүүгө 16,1 миллиондон ашык электрондук эсеп-фактураларды берди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө ЭСФти 88 миңден ашык салык төлөөчү колдонот, жыл башынан бери алардын саны 44 миң субъектке көбөйдү.

Ошондой эле, электрондук-эсеп фактура ишке ашырыла баштагандан бери (2020-жылдын 1-июлунан) бери ишкерлерге 4,9 триллион сомго 37,2 миллион эсеп-фактура берилгени кошумчаланган.