11 ай ичинде Салык кызматы 1 трлн сомго электрондук эсеп-фактураларды чыгарган

2 декабря 2021, 10:42

Быйылкы жылдын 11 айында Салык кызматы 1 триллион 67 миллиард 834,1 миллион сомдук жалпы жүгүртүүгө 6 миллион 428 миң 206 электрондук эсеп-фактура бергенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда электрондук эсеп-фактураны колдонуу 2020-жылдын 1-июлунан тартып бардык КНС төлөөчүлөр, ошондой эле товарларды импорттоо жана экспорттоо боюнча салык төлөөчүлөр үчүн милдеттүү болуп калды.