15 жыл ичинде Казакстан Кыргызстанга 1 млрд $ жакын инвестиция жумшаган

2 марта 2021, 16:00

Акыркы 15 жылда Казакстан Кыргызстанга дээрлик 1 млрд долларга жакын каражат жумшаган. Бул тууралуу эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда маалым болду. 

 

Касым-Жоомарт Токаевдин айтымында, казакстандык инвесторлор Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарын колдоого жана социалдык абалды жакшыртууга олуттуу салым кошушууда. 

«Жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, өндүрүш тармагы жана каржы рыногун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Буга байланыштуу биз эки тараптуу инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча сүйлөштүк», – деп билдирди Казакстандын президенти. 

 

Маалым болгондой, жакын арада казак делегациясы Кыргызстанга расмий визит менен келет.