Быйыл эки айда фермерлер 414,4 млн сомго айыл чарба техникасын лизингге алышты

28 марта 2023, 11:02

Былтыркы жылы фермерлер лизингге 983 айыл чарба техникасын алышкан. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, жабдууларга 3 миллиард сом сарпталган.

Ошол эле учурда 2023-жылдын эки айында айыл чарба өндүрүүчүлөрү 414,4 миллион сомго 87 техника сатып алууга жетишкен.

Эске салсак, мамлекеттин колдоосу менен 2011-жылдан бери дыйкандарды айыл чарба техникасынын бардык түрү менен жеңилдетилген шартта камсыздаган жети лизингдик долбоор ишке ашырылып келет.

Бул долбоорлор "Айыл Банк" ачык акционердик коому аркылуу каржыланат. Фермерлер 7 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө жылдык 6-9% менен жеңилдетилген шартта айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын бардык түрүн сатып ала алышат.