2019-жылы мал чарбачылык продукциясы 103.9 млрд сомго өндүрүлгөн

4 февраля 2020, 12:55

2019-жылдын январь-декабрь айларында мал чарбачылык продукциясы 103,9 млрд сомго өндүрүлгөн, ал эми өсүү темпи 102,5 пайызды түзгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

2019-жылдын отчеттук мөөнөтүндө баардык категориялардагы чарбачылык объекттери тарабынан 413,5 миң тонна тирүү массадагы эт өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 2,5 пайызга көп, (2018-жылы 2,1 пайыз болгон).

Республикадагы эттин өндүрүшүнүн өсүүсү мал жандыктарынын жана канаттуу куштардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу. Былтыркы жылга салыштырмалуу ири мүйүздүү жандыктардын саны 51 миң 862 башка, кой жана эчкилер 90 миң 174 башка, жылкылар 17 миң 355 башка жана үй канаттуулары 99 миң 279 башка көбөйгөн.

2019-жылдын январь-декабрь айларында республика боюнча 627,8 миң тонна сүт өндүрүлгөн, бул былтыркыга салыштырмалуу 2,4 пайызга көп. Сүт өндүрүшүнүн өсүүсү уйлардын санынын көбөйүүсүнүн арты менен болууда. Алардын саны мурунку жылга караганда 22 миң 800 башка көбөйгөн.

Отчеттук мөөнөттө өлкө боюнча 561 млн 288 миң даана жумуртка өндүрүлгөн, бул былтыркыга салыштырмалуу 28 млн 46 миң даанага көп (былтыркы жылдын деңгээлине карата 105,3 пайызга). Андан сырткары 12 млн 943,3 миң тонна жүн өндүрүлгөн, бул көрсөткүч былтыркы жылдын деңгээлине карата 101,1 пайызды түзөт.