2020-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ооруканаларга 15.3 млрд сом бөлгөн

18 февраля 2021, 13:00

2020-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ооруканаларга медициналык кызмат үчүн дээрлик 15 млрд сом бөлгөн. Бул тууралуу фонддон маалымдашты. 

 

15 млрд 351 млн сомдун ичинен медицина кызматкерлердин компенсациясына 1.3 млрд сом бөлүнгөн. 

Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында калктын тиш дарылануусу үчүн 283.2 млн сом бөлүнгөн. 

Андан сырткары, алгачкы медициналык-санитардык көрсөтүлгөн жардамдарга 2020-жылы 4.2 млрд сом бөлүнгөн.