2020-жылы чек арачылар тарабынан 55,5 млн сомдон ашык аткезчилик аныкталган

1 февраля 2021, 14:00

2020-жылы Чек арачылар тарабынан жалпы суммасы 55,5 млн сомдон ашык аткезчилик жүк кармалган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 

 

 

Отчеттук мезгил аралыгында ЕАЭБдин ичинде жалпы суммасы 96,6 млн сомду түзгөн мыйзамсыз ташылган 53 факт катталган, анын ичинен, 2,3 млн сомдон ашууну күйүүчү-майлоочу каражаттар жана жалпы суммасы 94,3 млн сомдон ашуун уруксат кагаздары жок жүктөр кармалган.

Жалпысынан 2020-жылы мамлекеттик чек арадан 7 млн 780 миңден ашуун адам, 860 миңден ашуун транспорт каражаты өткөрүлгөн.