Өткөн жылы Башкы прокуратуранын ишине бюджеттен 588 миллион сом сарпталган

4 января 2021, 12:30

"Ачык бюджет" сайтында жарыяланган маалыматтардан, 2020-жылы башкы кеңсе жана ведомстволук мекемелер жалпысынан 588 миллион 254 миң сом сарпташкан.

Жалпы сумманын 80,4% кызматкерлердин эмгек акысына, тактап айтканда, 474 млн 382 миң сом маянага жумшалган.

Башкы прокуратура социалдык камсыздандырууга 29,5%, тактап айтканда 99 млн сом бөлүп бергени маалым болду.