2020-жылы мамбюджетке дээрлик 152 млрд сом түшкөн

29 января 2021, 10:00

Өткөн жылы коронавирус пандемиясына карабастан, мамбюджеттин кирешеси 152 млрд 148.7 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу финансы министрлигинин сайтында маалымдалат. 

Белгиленгендей, жалпы сумманын ичинен республикалык бюджеттин кирешеси 132 млрд 682 млн сомду түзгөн. 

Финансы министрлиги көрсөткөн таблицада, каражаттар узак мөөнөттүү баалуу кагаздардын эсебинен келгени маалым болду. 

Кошумчалай кетсек, отчеттук мезгилдин аягында мамбюджетте 9.4 млрд сом калган.