Былтыр Таласта 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылган
Былтыр Талас облусунун республикалык бюджетке болгон салымы 10 эсеге өскөн. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө 2022-жылга карата социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы, ошондой эле быйылкы жылдын пландары каралды.
“Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишинин жыйынтыгы оң бааланып, жыйынтыгы жакшы. 2022-жылы республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 10 эседен ашык өстү. 2022-жылы 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылган”, - деди Байсалов.
Жыйында 2022-жылы облуста ар кайсы багытта 154 жаңы чакан жана орто ишканалар ачылгандыгы айтылды. Анын негизинде 677 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Ошондой эле, 3 бала бакча, 4 мектеп пайдаланууга берилип, мектепке кошумча жаңы имарат курулган.