Эки жарым жылда Кыргызстанда 200гө жакын мектеп курулду
Акыркы 2,5 жылда Кыргызстан боюнча 200гө жакын жаңы мектеп курулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Зарбалык айылындагы мектептин ачылыш аземине катышып жатып билдирди.
Мектеп 375 орунга эсептелген, анын курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен 148,5 млн сом бөлүнгөн.
Акылбек Жапаров өз сөзүндө былтыр Кара-Суу районунда 22 мектеп, 8 бала бакчада курулуш иштери жүргүзүлүп, 14 жаңы социалдык объектилер ачылганын белгиледи. Октябрь, Ак-Терек, Керме-Тоо, Жапалак, Таш-Арык айылдарында мектептер ачылган. Дагы эки мектеп ачылууга даяр. Кара-Суу районунун курулуш тармагына жалпысынан 1 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн.