Mail.ru төрт жыл ичинде оюндарды иштеп чыгууга алты млрд рубль короткон

30 сентября 2021, 11:40

Mail.ru Group 2017-жылдан бери оюндарды иштеп чыгуучуларга 6 миллиард рублдан ашык инвестиция салган, деп жазды vc.ru.

Компания орусиялык жана чет өлкөлүк оюн студияларынан миңден ашуун долбоорду алганын билдирди.

Mail.ru 45 студияны колдогон. Бирок жети гана компания толук натыйжаларга жетишкен. Эң көп инвестиция көлөмү 2 миллиард рубль болгон.