Жыл башынан бери 26 миңден ашык жаранга пенсия чектелди

17 мая 2023, 15:03

Социалдык фонд 2023-жылдын январь-апрель айларында 26 миң 155 жаранга пенсия чектеди.

Мекеменин маалыматына ылайык, анын ичинде апрель айында 4 миң 601 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 миң 109 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.