Төрт айда бюджетке кошумча бажы төлөмдөрүнөн 99 млн сом түштү

18 мая 2021, 15:50

Мамлекеттик бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмү үстүбүздөгү жылдын төрт айында 1000 мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам бузуулардын бирдиктүү реестринде 911 мыйзам бузуу катталып, алардан 3 миллион 841,5 миң сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлгөн. Ошондой эле, алар боюнча бажы төлөмдөрү 20 миллион 181 миң сомдон ашык төлөнгөн.

Өз кезегинде, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 89 мыйзам бузуу катталып, ал үчүн келтирилген зыяндын орду 48 миллион 738 миң сомду түзгөн.

Ушул жылдын төрт айында кошумча бажы түшүүлөрдүн суммасы 99 миллион 50 миң сомду түздү.