Уюмдар маалыматтык технологияны колдонууга бир трлн сомдон ашык жумшаган

1 ноября 2022, 13:56

Статистикалык маалымат боюнча, беш жылда компьютердик техниканы жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонгон уюмдардын жалпы чыгымы 1 триллион 838,07 миллиард сомду түздү.

Ага ылайык, чыгашалардын эң негизги бөлүгү 2021-жылга туура келет. Ал 448,58 миллиард сомду түзөт.  

Беш жыл ичинде маалыматтык технологияларды жана эсептөө техникасын өнүктүрүүгө жана пайдаланууга 23 миллиард 453,7 миллион сом жумшалган.