КР 5 жыл ичинде эмгек акы 33% көбөйгөн

5 ноября 2019, 16:20

Кыргызстанда эмгек акынын орточо эсеп менен 33% көбөйгөн. Бул тууралуу «Акчабарга» Улуттук статистика комитети билдирди. 

2018-жылы эмгек акы 2014-жылга салыштырмалуу электр тармагында иштегендердики 50%, маалымат жана байланыш тармагындагыларга 40%  жана кесиптик жана техника тармагында иштегендердики 44% өскөн.