Жети айдын ичинде Соцфонддун кирешеси 35 млрд сомдон ашты

30 августа 2021, 13:30

Соцфонддун жалпы кирешеси, алдын ала маалыматтар боюнча, 2021-жылдын январь-июль айларында 35 миллиард 454,1 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу фонддун сайтында жазылды.

Жалпы кирешелер 4,3 млрд сомго көбөйгөнү белгиленген. Өз кезегинде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы алдын ала маалыматтар боюнча 2,1 млрд сомду түздү же белгиленген пландан 638,9 млн сомго көп.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын жети айында камсыздандыруу төгүмдөрү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,2% га көп алынган.