Сегиз айда Казакстан Кыргызстанга 531,8 миң тонна көмүр экспорттоду

8 ноября 2022, 15:58

Сегиз айдын жыйынтыгы боюнча Казакстан 653,2 миллион долларга 22 миллион тонна көмүр экспорттосо, анын 14,3 миллион тоннасын КМШ өлкөлөрүнө жөнөткөн. Бул тууралуу Energy Prom билдирди.

Казакстан Орусияга жыл сайын 13,4 млн тонна көмүр (жылына +9,2%) экспорттойт. Орусиядан кийин алдыңкы үч өлкөнүн катарына Кыргызстан менен Өзбекстан дагы кирди.

Кыргызстанга 15,8 миллион долларга 531,8 миң тонна көмүр жөнөтүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 575,1 миң тонна көмүр импорттолуп, 7,5%га азайган.

Белгилеп кетсек, быйыл сентябрь айында Казакстан көмүрдү автоунаа менен ташып чыгууга убактылуу тыюу салган.