9  ай ичинде 4 тонна торт чыгарылган

12 ноября 2019, 11:00

Кыргызстанда 2019-жылдын январь-сентябрь айларында чыгарылган торттун жана кондитердик азыктардын көлөмү 4 миң 454.9 тоннаны түзгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет. 

Нан жана ундан жасалган кондитердик азыктардын көлөмү 3 млрд 204.4 млн сом болгон. Маалыматка ылайык, республика боюнча 50 миң тоннадан ашык нан чыгарылган.