2020-жылдын 9 айында ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсү 446.8 млрд $ түзгөн

26 ноября 2020, 09:45

2020-жылдын үч кварталында ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөр менен 44.8 млрд долларга соода жүргүзгөн. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссия билдирди. 

Бажыдан экспорттолгон товардын көлөмү импорттон ашып, 263.2 млрд долларды түздү. Ал эми импорт - 183.6 млрд долларды түзгөн. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 16.9% же 90.8 млрд долларга төмөндөгөн. Экспорт 22.4% (76.1 млрд долларга), импорт – 7.4% (14.7 млрд долларга) төмөндөгөн. 

Тышкы соода жүгүртүүнүн профицити 79.6 млрд долларды түздү. Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында бул көлөм 141 млрд долларды түзгөн.