Мамкурулуш 9 айда 1,6 миң курулуш долбоорун текшерген

7 октября 2021, 10:15

Ушул жылдын тогуз айында Мамкурулуштун мамлекеттик экспертиза бөлүмүнө 1,6 миң долбоордук-сметалык документтер келип түшкөн, деп билдиришти мекемедегилер.

Алардын 1,2 миңине техника-долбоорлук экспертиза жүргүзүлгөн. Ошондой эле, 129 документ каралууда, ал эми долбоорлоо-баалоо документтеринин 258 нускасы кайра иштеп чыгуу үчүн кайтарылган.

Мамкурулуш бардык курулуш имараттары жана курулуш долбоорлору бышыктыкка, көтөрүмдүүлүккө, стабилдүүлүккө, сейсмикалык туруктуулукка, селге жана кар көчкүсүнүн коопсуздугуна экспертизадан өтөөрүн эске салды. 

Майыптардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашаган жеринин талаптары (пандустар жана чалуу баскычтары) да долбоорлоодо нормалар эске алынат.